Талант 60’K и Айя Садырова – Эркелеп таарынам Текст


Язык песни: Киргизский

Талант 60’K и Айя Садырова – Эркелеп таарынам Текст

Жүрөгүмдө сен,
Өмүрүмдө сен
Жаратканым арнаган.

Көнүлүмдө сен
Көздөрүмдө сен
Тагдырыма жазган

Сен деп үмүтүм
Жүрөгүм бүтүн
Бир озүң бар үчүн

Болбос күйүүтүм
Жан дүйнөм бүтүн
Жаным даяр Сен үчүн!

П-в:
Эркелеп таарынам
Көрбөй калсам сагынам
Кызганып баарынан
Таарынам да сагынам

Эркелеп таарынам,
Кайра кайра сагынам.
Кызганып баарынан
Таарынам да жазылам

2-куп:
Өмүр агымы,
Дүйнө жарыгы
Сенсиң жүрөк жарымы.

Сүйүү белегим,
Жалгыз тирегим,
Жаныма керегим

Бакыт жолдобуз,
Бирдей ойдобуз
Жомоктой жашообуз

Сезим күүлөнүп,
Сүйүү гүлү өнүп
Бир бололу түбөлүк