Нуриса Абазова – Жашоо белек Текст


Язык песни: Киргизский

Нуриса Абазова – Жашоо белек Текст

Дүйнө сулуу, кооз ырахат ал
Өмүр колдо барда
Бактылуу бол балкып тирүүлүккө
Бар күчүңдү арна
Жакшыларга жанаш кадыр билген
Жарык жолду танда
Таттуу ширин сөздү аянбайлы
Азык болсун жанга

Майрам салып жашайлы
Ар бир күндүн жетип анык баркына
Мезгил учат зымырап
Өмүр өзү канат каккан каркыра
Баалай билгин убакыт
Анык байлык алмаштыргыс алтынга
Мээрим уют көңүлгө
Жакшылыкка көөдөн толсун жаркыра

Өмүр өткүн сындуу
Өлчөмү аз
Жашоо бизге белек
Маанайыңды көтөр, кейибегин
Арбын ага себеп
Акыл, алтын таажы адамдарга
Жакшылыкты тилеп
Жашайлычы достор, асылдарым
Өксүбөсүн жүрөк

Майрам салып жашайлы
Ар бир күндүн жетип анык баркына
Мезгил учат зымырап
Өмүр өзү канат каккан каркыра
Баалай билгин убакыт
Анык байлык алмаштыргыс алтынга
Мээрим уют көңүлгө
Жакшылыкка көөдөн толсун жаркыра

Майрам салып жашайлы
Ар бир күндүн жетип анык баркына
Мезгил учат зымырап
Өмүр өзү канат каккан каркыра
Баалай билгин убакыт
Анык байлык алмаштыргыс алтынга
Мээрим уют көңүлгө
Жакшылыкка көөдөн толсун жаркыра

Жашоо бизге белек!