Ишен Назаров и Адеми Урматбекова – Сүйүп жаша өмүрдү Текст


Язык песни: Киргизский

Ишен Назаров и Адеми Урматбекова – Сүйүп жаша өмүрдү Текст

Күн жүзүңө нурун чачып
Ойгонгонуң көзүңдү ачып
Майрам кылып ар күнүңдү
Өмүр сүрүү кандай бакыт

Эске салбай кечегиңди
Камын көргүн эртеңиңдин
Унутпагын бул өмүрдө
Кыялыңа жетериңди

Жайнап турсаң өзүң
Жанып турат көзүң
Жадыратып көңүлдү
Жалын жаштык барда
Ойноп күлүп жайна
Сүйүп жаша өмүрдү
Калтырбайлы көңүлдү
Сүйүп жаша өмүрдү

Жакыныңдын жакшы сөзү
Жан дүйнөңду жарык кылат
Жайнап өткөр жаштыгыңды
Өтүп кетсе сагындырат

Колдо турган алтын өмүр
Бизге кымбат деп түшүнөм
Ойгонгонуң кандай бакыт
Балдарыңдын күлкүсүнөн