Дарига Сатарова – Ашык сезим Текст


Язык песни: Киргизский

Дарига Сатарова – Ашык сезим Текст

Эстен кетпеген жанга жакын кезим
Эми таппай кыйнады ашык сезим
Бирге жүргөн күндөрүм
Бакыт сунуп күлгөнүң

Көздөр муңда көңүл чөккөндө
Жамгыр ыйлап төккөндө
Өкүнөбүз өткөнгө
Сагына беремин жаным көктөмдө

Сага карай жолумду тандаганмын
Сага гана бактымды байлаганмын
Сага-сага бир гана, сага гана
Сүйүүмдү арнаганмын
Билбедиң жаным

Убакыт учуп кармалбады аттиң
Ушул тапта ойлодуң сен да балким
Туткун болуп намыска
Бирге эмес алыста

Жолуң карап канча күткөнмүн
Санааларга түшкөнмүн
Үмүтүмдү үзгөнмүн
А бирок көңүлдө жашайт күткөн күн

Сага карай жолумду тандаганмын
Сага гана бактымды байлаганмын
Сага-сага бир гана, сага гана
Сүйүүмдү арнаганмын
Билбедиң жаным

Сени гана тандаганмын
Сага гана байлаганмын
Бир гана сени мен жүрөгүмө жакындатын
Билбедиң жаным