Аида Кулуева – Кең Тянь-Шань Текст
Аида Кулуева – Кең Тянь-Шань Текст
Береке, байлыгы мол Ата-Мекен
Жүрөкө бардыгынан жакын экен
Тянь-Шань деген бир сөз ойго түшсө
Мээ сергип, медер кылып толкуп кетем
Толкуп кетем, толкуп кетем, толкуп кетем
Тянь-Шань жылдызыңдан жагылат шам
Болбостур сөөлөтүңдү сүйбөгөн жан
Өсө бер, өркүндөй бер таалайың бар
Эркиндик жолун ачкан кең Тянь-Шань
Кең Тянь-Шань, Кең Тянь-Шань, Кең Тянь-Шань
Жеримдин суусу-дары, таштар-алтын
Жыргалда, эркиндикте жашайт калкым
Таалайга тандап туруп жаралгансып
Тянь-Шань кышта жылуу, жайда салкын
Жайда салкын, жайда салкын, жайда салкын
Мөңкүшүп мөл кашка суу өзөн-сайың
Кулакка симфония берет дайым
Бейкутта, берекеге белги берип
Термелет тентек желге арча кайың
Арча кайың, арча кайың, арча кайың
Жайы-кышы бел кырчоодон чөпкө калың
Кең Жумгал, кара Кочкор, Ак-сай, Нарын
Кой маарап, бээ кишенеп ар өзөндөн
Бай элим күтүрөтүп айдайт малын
Айдайт малын, айдайт малын, айдайт малын
Тянь-Шань деген бир сөз ойго түшсө
Мээ сергип, медер кылып толкуп кетем
Толкуп кетем, толкуп кетем, толкуп кетем
Толкуй берем, толкуй берем, толкуй берем