Эрлан Андашев – Бул махабат Текст


Язык песни: Киргизский

Эрлан Андашев – Бул махабат Текст

Таттуу экен таттуу эрдиң карагат.
Тамшандырып алдың жүрөк жаралап.
Айчырайың аппак гүлгө оролуп анан,
Чачтарың күн нурундай таралат.

Кайырма:
Сен, сезимимди сезип кой.
Сүйөрүмдү билип кой.
Мен жылмайсам күлүп кой.
Махабат бул билип кой.

Жандүйнөмө бүлүк салдың кайчылап.
Жаратыма тамчы болдуң тамчылап.
Көнүшө албай күндөр өтүп жүргөндө,
Көздөрүң көрүп жүрөк жанчылат.

Кайырма:
Сен, сезимимди сезип кой.
Сүйөрүмдү билип кой.
Мен жылмайсам күлүп кой.
Махабат бул билип кой.

Терезесин жүрөгүмдүн каккылап.
Сезимимди жүрөсүз го тарткылап.
Эстебейин десем дагы а бирок сизди,
Көзүмө сүрөтүңүз тартылат.

Кайырма:
Сен, сезимимди сезип кой.
Сүйөрүмдү билип кой.
Мен жылмайсам күлүп кой.
Махабат бул билип кой.