Аваз Акимов и Айдана Дека – Мен сени сүйүп өтөм Текст


Язык песни: Киргизский

Аваз Акимов и Айдана Дека – Мен сени сүйүп өтөм Текст

Сен болдуң жүрөгүмө колуң сунган,
Жараатым айыктырдың ооруп турган.

А балким тагдыр мени себеп кылып,
Сүйүүнү экөөбүзгө жолуктурган.

Сүйүп өтөм, өмүрдөн кетмейинче,
Баркыңа жетмейинче, мен сени сүйүп өтөм

Сүйүп өтөм, өзүмдү арнап алып,
Колуңду кармап алып, сүйүп өтөм.

Жүрөгүм жүрөгүңө ширелгендей,
Толуктап жүрүү үчүн жибергендей.

Сүйүүмө жолуктур деп суранчу элем,
Бактыма сени жазып- тиленгендей.