Малика-Дина – Ашыкмын сага Текст


Язык песни: Киргизский

Малика-Дина – Ашыкмын сага Текст

Кең дүйнөдөн кезиктим сага
Тагдыр буйруп жолуктуң мага.
Асманымда ак жылдыз жанып,
Сен бар үчүн күндөрүм жарык.

Кайырма:
Карегимде жашап алдың менин.
Карааныңды күндө көрсөм деймин
Арзыдым сага
Көңүлүмдү ээлеп алдың менин
Көздөрүңдү күндө көрсөм деймин
Ашыкмын сага

Өзүң барда жүрөгүм күлөт.
Көздөрүңдү, көздөрүм сүйөт.
Эркелейин бул күндөр белек
Бактым сага башымды жөлөп.

Кайырма:
Карегимде жашап алдың менин.
Карааныңды күндө көрсөм деймин
Арзыдым сага
Көңүлүмдү ээлеп алдың менин
Көздөрүңдү күндө көрсөм деймин
Ашыкмын сага